super.kg logo

Франциядагы нааразычылык акцияларында 7 миңден ашык адам колго түштү

 

Франциянын полициясы 17-октябрда баалардын өсүшүнө каршы демонстрациялардан кийин башталган башаламандыкта жалпысынан 7 миңден ашык жаран кармалганын айтты. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда өлкөнүн юстиция министри Жеральд Дарманен парламенттик комитетте билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда, бардык дем алыш күндөрү өткөн акцияларда 7184 адам кармалды. Алардын ичинен 2661и жаш өспүрүмдөр болсо, калган 4523ү жашы жеткендер.

Учурда 3 миңден ашык кылмыш иши козголуп, алардын 2300ү сотко жеткени маалым болду.

Эске салсак, Францияда нааразычылык акциялары сентябрь айынын аягынан бери уланууда. Алгач мектеп окуучулары мугалимдердин жетишсиздигине жана окуу жайлардын начар абалына нааразы болуп көчөгө чыгышса, аларга октябрда айлык акыны көтөрүүнү талап кылып кесиптик кошуундар кошулганы белгилүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: