super.kg logo

Кемероводо аскердик учак кулап, 19 адам каза болду (видео)

 

Орусиянын Кемерово облусундагы Ягуново айылынын жанында Ан-12 аскердик-транспорттук учагы кулап, ичиндеги 19 адам каза болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар бүгүн, 18-ноябрда жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, кырсык 17-ноябрда болду. Новосибирсктен Канск шаарына авиациялык тетиктерди ташып бара жаткан учактын кыймылдаткычынан абада өрт чыккан.

"Экипаж Кемерова аэропортуна шашылыш конууга аракет кылып, күйүп жаткан учакты турак жайлардан алыс алып кетүүгө жетишти. Натыйжада учак аэропорттон 5-7 чакырым алыстыкта ээн талаага кулап жарылды. Учурда кырсык болгон жерде тергөөчүлөр жана Орусиянын Аба мейкиндигин коргоонун атайын комиссиясы иштеп, техникалык мүчүлүштүктүн так себебин иликтөөдө. Жердеги калктуу конуштарга зыян келген эмес, окуя боюнча иш козголгону маалым болду", - деп кошумчаланды маалыматта






Кемероводо аскердик учак кулап, 19 адам каза болду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: