"Apple" колдонуучулары массалык көйгөйгө учурашты
Кечээ, 17-ноябрда дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү "Apple" колдонуучулары көйгөйлөргө туш болушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.
Маалыматка ылайык, алгачкы даттануулар саат 21:00 чамасында түшө баштаган. Айрым iPhone ээлери тиркемелерди жүктөй албай жатканын билдиришсе, башкалары жаңы түзмөктөрдү активдештирүүдө жана аккаунттарына кирүүдө кыйынчылыктарга туш болушкан. Ошондой эле онлайн төлөм кызматтарынын иштешинде да үзгүлтүктөр катталганы белгилүү болду.
"Бул мүчүлүштүктөр көпчүлүктү киберчабуул болду деген кооптонууга салды. Жыйынтыгында, компания кодонуучуларга бир катар кызматтарынын ишиндеги мүчүлүштүктөр - ички системдерди жаңыртуу учурунда кетирилген катадан улам келип чыкканын түшүндүрдү. Ошондой эле "Apple" бул окуя киберчабуулга же системдердин бузулушуна байланыштуу эмес экенин белгиледи",- деп кошумчаланды маалыматта.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















