Нурдан Орунтаев 100дөн ашык курулуш компаниясынын жетекчилерине талап койду
Бүгүн, 18-ноябрда курулуш министри Нурдан Орунтаев 100дөн ашык курулуш компаниясынын жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Жыйында курулуш объектилериндеги санитардык абал, жаңы талаптардын аткарылышы, компаниялардын жоопкерчилиги жана жарандардын укуктарын коргоо маселелери талкууланды.
Министр курулуш аянтчаларын жана алардын айланасын таза кармоону, курулуш калдыктарын өз убагында чыгарууну талап кылды. Ошондой эле курулуш компаниялары “Тазалык” ишканасынын кызматкерлерине кошумча түйшүк жаратпашы керектигин белгиледи.
Мындан тышкары, Нурдан Орунтаев курулуш объектиси нөлдүк циклден чыкмайынча батирлерди жарнамалоого жана сатууга тыюу салган буйруктун талаптарын так сактоону эскертти.
Ал компанияларды каржылык милдеттенмелерин алдын ала пландаштырууга чакырып, бул жарандардын турак жай сатып алууда тобокелдиктерге туш болушуна жол бербөө үчүн маанилүү экенин айтты.
Министр курулуш тармагындагы ишкерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүлөрүн, бирок мыйзам талаптарын бузган компанияларга карата тиешелүү чаралар көрүлөрүн белгиледи.
Жыйын суроо-жооп форматында өтүп, анда компания жетекчилери тармактагы көйгөйлөрдү талкуулашты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















