Ошто мөмө-жемиштин вируссуз көчөттөрүн өстүрүүчү лаборатория курулат
Ош облусунда мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн вируссуз жана сапаттуу көчөттөрүн өстүрүүчү заманбап лаборатория куруу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Айыл чарба министрлигинде Түркиянын өкүлдөрү менен өткөн жолугушууда талкууланды.
Маалыматка ылайык, лабораторияда көчөттөрдү in vitro технологиясынын негизинде өстүрүү каралууда. Бул ыкма өсүмдүктөрдү атайын лабораториялык шартта көбөйтүп, сапаттуу жана вирустардан таза көчөттөрдү алууга мүмкүндүк берет.
Жолугушууда долбоорду ишке ашыруунун уюштуруучулук жана практикалык маселелери талкууланып, 2027-жылдан тартып вируссуз мөмө-жемиш көчөттөрүн өндүрүүнү уюштуруу боюнча макулдашууга жетишилди.
Долбоор ишке ашса, өлкөдө сапаттуу көчөттөрдү өндүрүү көлөмүн көбөйтүүгө жана багбанчылык тармагын өнүктүрүүгө шарт түзүлөт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















