Жыл аягына чейин Кыргызстанда 47 өнөр жай ишканасы ишке киргизилет
Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери 71 өнөр жай ишканасы ишке киргизилди. Жыл аягына чейин дагы 47 ишкананы ачуу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылы өнөр жай продукциясынын көлөмү 799,7 миллиард сомду түзүп, 10,6 пайызга өскөн. Ал эми быйылкы жылдын 10 айында 770,9 миллиард сомдук продукция өндүрүлүп, өсүш 5,2 пайызды түзгөн.
Касымалиев "100 өнөр жай ишканасы" долбоорунун алкагында ишке кирген ишканалардын катарында Токмоктогу дөңгөлөк иштетүүчү, Ивановкадагы айнек-пластик түтүк чыгаруучу жана Манастагы металл конструкцияларын өндүрүүчү заводдорду атады. Ошондой эле Балыкчыдагы "Алтын Логистик" борборун мисал келтирди.
Анын маалыматына караганда, долбоордун алкагындагы инвестициялардын көлөмү 1 миллиард 891,8 миллион долларга жеткен.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















