Путин менен Трамп Кытай лидеринин кабыл алуусунда жолугушту
Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын лидери Дональд Трамп АТЭС саммитинин катышуучуларын чогуу сүрөткө тартуу аземинде жолугушуп, кол алышып, кыскача сүйлөшүштү.
Чет элдик басылмалар билдиргендей, салтанаттуу кабыл алуу Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин атынан кечээ, 18-ноярбрда уюштурулду. Ал жубайы менен бирге саммитке келген делегация башчыларын тосуп алды.
Биргелешкен сүрөткө түшүү учурунда Путин менен Трамп Си Цзиньпиндин эки тарабында турушту.
Эскерте кетсек, бүгүн, 19-ноябрда үч ири державанын лидерлери АТЭС саммитинин алкагында сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Анда Украина маселеси да көтөрүлүшү мүмкүнүгү буга чейин айтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:53
2026-11-18
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















