"Nvidia" компаниясынын маалыматтары уурдалганы айтылды
Дүйнөдөгү белгилүү технологиялык компаниялардын бири "Nvidia" хакерлердин чабуулуна кабылганы тууралуу маалымат тарады. Бул тууралуу, чет элдик басылмалар билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Жентельмендер" аттуу хакердик топ компанияны жабырлануучулардын тизмесине киргизди. Киберкылмышкерлер "Nvidia" компаниясынын корпоративдик маалыматтарын уурдап алышканын билдирип, кун төлөө боюнча сүйлөшүүлөр ийгиликсиз аяктаса, маалыматтарды ачык жарыялай турганын эскертишип, 10 күн калганын көрсөткөн таймерди жайгаштырышкан.
Азырынча "Nvidia" компаниясы киберчабуул болгону тууралуу расмий маалымат бере элек.
Хакердик топ буга чейин миңден ашык уюмду жабырлануучу катары көрсөткөнү белгилүү болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:53
2026-11-18
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















