Өсүү үчүн мүмкүнчүлүктөр: DemirBank Кыргызстанда аялдар ишкердигин кантип колдойт
19-ноябрь — Аялдар ишкердигинин эл аралык күнү.
Бул күн өз идеяларын бизнеске айлантып, жумуш орундарын түзүп, өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө салым кошуп жаткан аялдарга арналат.
DemirBank аялдардын каржылоого, заманбап банктык кызматтарга жана өз ишин өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүнө жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү аркылуу аялдар ишкердигин ырааттуу колдоп келет.
Эл аралык кызматташтык жана таанылуу
Банктын ишмердүүлүгүндөгү негизги багыттардын бири — Дүйнөлүк банк тобуна кирген Эл аралык финансы корпорациясы (IFC) менен кызматташуу.
Кызматташтыктын негизги этаптары:
- 2022-жыл — 10 млн АКШ доллары. Тартылган каржылоонун 25%ы аялдар жетектеген ишканаларга багытталган.
- 2025-жыл — 15 млн АКШ доллары. IFC менен түзүлгөн жаңы келишимге ылайык, каражаттын кеминде 25%ын аялдарга таандык бизнести колдоого багыттоо каралган.
2025-жылдын июль айында DemirBank аялдардын каржы кызматтарына жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө жана каржылоо алууда кездешкен тоскоолдуктарды жоюуга багытталган Women Entrepreneurs Finance Code (WE Finance Code) — Аялдар ишкердигин каржылоо кодекси аттуу эл аралык демилгеге да кошулган.
Ошол эле жылы DemirBank аял ишкерлерди колдогон Кыргызстандын ТОП-10 банкынын катарына кирип, бул багытты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн таанылган.
«Арууке» — аялдардын бизнесин ар тараптуу колдоо
Банктын атайын иштелип чыккан чечимдеринин бири — аял ишкерлердин муктаждыктарын эске алуу менен түзүлгөн «Арууке» кредиттик программасы.
Программа иштеп жаткан бизнести өнүктүрүүгө жана жаңы идеяларды ишке ашырууга каржылоо алууга мүмкүнчүлүк берет. Анын ичинде жүгүртүү каражаттарын толуктоо, жабдууларды сатып алуу, өндүрүштү кеңейтүү жана башка ишкердик максаттар каралган.
Каржылоо шарттары жылдык 16%дан башталган пайыздык ченди, 60 айга чейинки мөөнөттү, ошондой эле банктык тейлөөнүн кошумча артыкчылыктарын камтыйт.
Demir Айым — мобилдик тиркемедеги атайын шарттар
Аялдар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнү улантуу менен, DemirBank Аялдар ишкердигинин эл аралык күнүнө карата «Demir Айым» аттуу атайын акцияны ишке киргизүүдө.
Акциянын алкагында банктын кардар айымдары DemirBank мобилдик тиркемеси аркылуу жылдык 13,99% атайын пайыздык чен менен бизнес-кредит ала алышат.
Бул өз ишин өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарда каржылоо алууга жана кредитти түздөн-түз мобилдик тиркемеден санариптик форматта оңой жол-жоболоштурууга мүмкүнчүлүк берет.
Колдоонун натыйжалары
995 млн сомдон ашык
DemirBank тарабынан аял ишкерлерге берилген каржылоонун жалпы көлөмү.
2026-жылдын октябрь айына карата.
Бул көрсөткүчтүн артында ишканалардын өнүгүшү, жаңы бизнес-идеялардын ишке ашырылышы жана кошумча экономикалык мүмкүнчүлүктөрдүн түзүлүшү турат.
DemirBank үчүн аялдар ишкердигин колдоо — бул чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө, аялдардын экономикалык өз алдынчалыгын бекемдөөгө жана Кыргызстандын туруктуу келечегине кошулган узак мөөнөттүү салым.
DemirBank өз бизнесин өнүктүрүп, идеяларын ишке ашырып, өлкөнүн экономикасынын келечегин калыптандырууга салым кошуп жаткан аялдар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү улантат.
DemirBank — мүмкүнчүлүктөрдү түзөбүз, баалуулуктарды сактайбыз.
ЖНПЧ – 15,2%дан баштап
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















