"Жыйынтык болот деп ишенем". Путин менен Трамптын Кытайдагы сүйлөшүүсү башталды (видео)
Бүгүн, 19-ноябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын лидери Дональд Трамп Кытайда өтүп жаткан АТЭС саммитинин алкагында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатышат. Бул тууралуу Кремль билдирип, жолугушуу пайдалуу жана мазмундуу болот деп үмүт артты.
"Биз бул жолугушууну чыдамсыздык менен күттүк. Бири-бирибизди көп жылдан бери тааныйбыз. Бүгүн жолугуп, жемиштүү сүйлөшүү өткөрөбүз деп үмүттөнөм. Андан кийин экинчи жолугушуу пландалган. Жакшы жыйынтык болот деп ишенем",- деди Трамп жолугушууда.
Сүйлөшүүгө Орусия тараптан өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавров, каржы министри Антон Силуанов жана президенттин жардамчысы Юрий Ушаков катышууда. АКШ тараптан мамлекеттик катчы Марко Рубио жана каржы министри Скотт Бессент бар.
Жолугушууда негизги көңүл Украинадагы кырдаалга бурулушу мүмкүн. Ошондой эле Иран маселеси да талкууланары айтылды.
Путин менен Трамп Кытайда эки тараптуу сүйлөшүүлөрүн башташты
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















