super.kg logo

Дүйнөдө мусулмандардын саны 3,6 миллиардга жетиши күтүлүүдө

 

2070-жылга чейин дүйнөдө мусулмандардын саны христиандардан ашып кетиши мүмкүн. Рew Research Center жана Польшанын CASPAR изилдөө борборунун адистери ушундай божомол жасашты.

Изилдөөгө ылайык, 2020-2070-жылдары мусулмандардын саны 80 пайызга, христиандардын саны 30 пайызга өсүшү мүмкүн. Натыйжада 2070-жылы дүйнөдө 3,6 миллиард мусулман жана 3 миллиард христиан болот деп күтүлүүдө.

Адистер муну мусулмандардын арасында төрөлүү көрсөткүчү жогору экендиги менен түшүндүрүшөт. Орточо эсеп менен мусулман аялдар 3,1, христиан аялдар 2,5 балалуу болушат.

Ошондой эле 2070-жылга карата дүйнөдөгү христиандардын 54 пайызы Сахаранын түштүгүндөгү Африкада жашашы мүмкүн. Конго Демократиялык Республикасы АКШны артка калтырып, христиандар эң көп жашаган өлкөгө айланышы күтүлүүдө.

Ал эми Европада христиандардын үлүшү 67 пайыздан 52 пайызга, АКШда 48 пайызга чейин төмөндөшү мүмкүн.

Изилдөөчүлөрдүн божомолу төрөлүү көрсөткүчүнө, миграцияга жана адамдардын дин алмаштыруусуна жараша өзгөрүшү ыктымал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: