super.kg logo

Мыкты кадр үчүн күрөш... Кытайдагы саммитте журналисттердин тыгыны жаралды (видео)

 

Кытайдын Шэньчжэнь шаарында өткөн Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгынын 33-саммитинде ири державалардын лидерлерин тасмага тартуу үчүн журналисттердин арасында чоң атаандаштык жаралды.

ЖМК өкүлдөрү Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, АКШнын президенти Дональд Трамп, Орусиянын президенти Владимир Путин жана Япониянын премьер-министри Санаэ Такаити катышкан учурду камерага түшүрүүгө аракет кылышкан учурдун видеосу тарады.

Телеканалдарын биринин маалыматына ылайык, журналисттер залдын эшиги ачылганга чейин бир сааттай күтүшкөн. Эшик ачылары менен камера жана фототехникаларды көтөргөн журналисттер эң жакшы кадрларды тартуу үчүн залга умтулушкан.

Бул көрүнүштү CNA телеканалынын журналисти Тан Вэнь Линь тасмага түшүргөн.






Мыкты кадр үчүн күрөш... Саммиттерде журналисттер кантип иштешет?

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: