Кыргызстан менен Түркиянын депутаттары футбол талаасында күч сынашты (видео)
Кечээ, 21-ноябрда, Бишкек шаарында Кыргызстандын жана Түркиянын парламент депутаттарынын ортосунда жолдоштук футболдук беттеш өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага парламенттин төрагасы Марлен Маматалиев баштаган депутаттар катышты. Ал Кыргызстан менен Түркияны тарыхый, маданий жана руханий байланыштар бириктирип турарын белгилеп, мындай спорттук иш-чаралар эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн айтты.
70 мүнөткө созулган беттеш 3:3 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.
Кыргызстан менен Түркиянын депутаттары футбол талаасында күч сынашты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















