"Аалам сулуусу 2026" сынагында Медина Эрмекова "Бугу Эне" образында чыкты (видео)
Кыргызстандын атынан "Аалам сулуусу 2026" (Miss Universe 2026) эл аралык сулуулук сынагына катышып жаткан Медина Эрмекова улуттук кийимдер көрсөтүлгөн бөлүгүндө "Бугу Эне" образында сахнага чыкты. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-ноябрда өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
"Бул образ энелик мээримди, боорукерликти жана үмүттү чагылдырат. Анын ар бир деталында кыргыз элинин тарыхы, маданияты жана жан дүйнөсү камтылган", - деп жазды Эрмекова.
Белгилей кетсек, "Аалам сулуусу 2026" сынагы 8-25-ноябрь күндөрү Пуэрто-Риконун Сан-Хуан шаарында өтүүдө.
"Аалам сулуусу 2026" сынагында Медина Эрмекова "Бугу Эне" образында чыкты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:53
2026-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















