Бишкекте бир күндө 198 тонна таштанды чыгарылды
Кечээ, 20-ноябрда Бишкек шаарында ири көлөмдөгү таштандыларды чыгаруу боюнча бир жолку акциянын биринчи күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдирди.
Маалым болгондой, иш-чарага 35 атайын техника тартылып, анын жардамы менен 198 тонна таштанды чыгарылды.
"Шаардын төрт районунда эски эмеректер, керексиз буюмдар, түшкөн жалбырактар жана бак-дарактардын бутактары тазаланды. Акциянын негизги максаты - шаар тургундарына топтолгон ири көлөмдөгү таштандылардан арылууга шарт түзүү. Акциянын акыркы күнү 21-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин уланат. Шаар тургундары таштанды чыгаруу мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланууга чакырылат", - деп кошумчалады мекеме.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:53
2026-11-21
20:11
2026-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















