Канье Уэст кайрадан автордук укукка байланыштуу чырга кабылды
Америкалык рэпер Канье Уэст автордук укукту бузууга байланыштуу кайрадан чырдын борборунда калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, америкалык продюсерлер Жаред Дил жана Марлон Бэрроу рэперди 2018-жылы жаралган Joint 2 композициясын мыйзамсыз пайдаланган деп айыпташууда. Алардын билдиришинче, аталган композиция Уэсттин Ty Dolla $ign менен биргеликте чыгарган Vultures ырында колдонулган.
Продюсерлер сот аркылуу ырдын түпнуска жаздырууларын, анын ичинде аудиофайлдарды жана музыкалык материалдарды алып коюуну же жок кылууну талап кылышууда.
Белгиленгендей, Бэрроу композицияны Ty Dolla $ign'га таанышуу үчүн жөнөткөн. Бирок тараптардын ортосунда музыканы пайдалануу боюнча жазуу жүзүндө келишим түзүлгөн эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:51
2026-11-20
23:46
2026-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















