super.kg logo

Бишкекте издөөдө жүргөн жаран милиция кызматкерин сүзүп, качууга аракет кылган

 

Бишкекте алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн жаран милиция кызматкерин унаасынын капотунда 50-100 метрге чейин сүйрөп кеткен. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 20-ноябрда саат 17:50 чамасында болгон. "Коопсуз шаар" видеокөзөмөл системасы аркылуу 1998-жылы туулган Н.Э. аттуу жарандын жүргөн жери аныкталган. Ал 12-ноябрдан бери Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча издөөдө жүргөн.

Милиция кызматкерлери аны Киев жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерден токтотууга аракет кылышкан. Бирок айдоочу Subaru Legacy үлгүсүндөгү унаасы менен ГУМ соода борборунун унаа токтотуучу жайынан чыгып, Киев көчөсү менен батышты көздөй жүрүп кеткен. Натыйжада милиция кызматкерлеринин бирин унаасынын капотуна илинген бойдон 50-100 метрге чейин сүйрөгөн.

Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында шектүү кармалып, райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген.

Ага карата бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 374-беренеси менен өзүнчө кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда окуянын бардык жагдайлары териштирилип жатат.






Бишкекте издөөдө жүргөн жаран милиция кызматкерин сүзүп, качууга аракет кылган

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: