Кара-Сууда унаа сүзүп кеткен эже-сиңди каза болгону айтылууда
Ош облусунун Кара-Суу районунда жол кырсыгынан жабыркаган 7 жана 12 жаштагы бир тууган кыздар каза болушту. Бул тууралуу жакындары билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 17-ноябрда Кыргыз-Чек айылында, Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 5-чакырымында болгон. Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаанын 18 жаштагы айдоочусу кыздарды сүзүп кеткен.
Жабыркагандар оор абалда Ош облустук ооруканасына жеткирилди. Бирок дарыгерлердин аракетине карабастан алар 18-ноябрда каза болушту.
Ал эми Ош облусунун ЖКККБнын маалымат кызматы азырынча аталган окуя боюнча расмий маалымат бере элек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:30
2026-11-21
14:59
2026-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















