АКШнын президенти Дональд Трамп социалдык тармагы баракчаынан Орусиянын лидери Владимир Путин менен чогуу түшкөн сүрөтүн жарыялап, "Менин досум" деген билдирүү калтырды. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, сүрөт 19-ноябрда Кытайда өткөн АТЭС саммитинен кийинки сүйлөшүүлөрдө тартылды. Анда тараптар Украинадагы кырдаалды жана Москва менен Вашингтондун ортосундагы мамилени талкуулашты.
Ошондой эле Кытайда тартылган бир нече сүрөт жарыялап, "Улуу державалар. 1945, 2026" деген билдирүү да жазды.
Социалдык тармактын колдонуучулары 1945-жылы Ялта конференциясына чогулуп, Экинчи дүйнөлүк согушту талкууга алган ошо кездеги СССР, Улуу Британия жана АКШнын лидерлери Иосиф Сталин, Уинстон Черчилль и Франклин Рузвельт менен учурдагы ири державалардын башчылары - Трамп, Путин, Си Цзиньпинди салыштырышууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















