Антальядагы климат боюнча саммит үзгүлтүккө учурады
Кечээ, 22-ноябрда Түркияда Анталья шаарында БУУнун климат боюнча сүйлөшүүлөрү жыйынтыгына чыкпай үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, жыйындын үзгүлтүккө учурашына казып алынып жаткан отун себеп болгон. Сауд Арабия башында турган жана Орусия кирген нефть өндүрүүчү өлкөлөр глобалдык жылуулуктун башкы себеби болгон отун түрлөрүнөн баш тартуу туралуу сөздөрдү документке киргизүүгө бөгөт коюшту.
Ал эми Европа биримдиги жана чакан өлкөлөр нефть, газ экспорттоочуларга артыкчылык берген келишимди четке кагышууда.
Ирландиянын климат жана энергетика министри Дарра О Брайен Европа Биримдигинин атынан сүйлөп жатып, казылып алынуучу отун тууралуу бир да сөз камтылбаган келишимди кабыл алууга болбойт экенин айтты.
Маалым болгондой, белгиленген мөөнөттөн эки күн ашыкча созулган СОР31 тарыхтагы эң узун климаттык саммит болуп калды. Ошондой эле 2009-жылкы Копенгаген саммитинен бери БУУнун климаттык сүйлөшүүлөрүндө акыркы келишимге жетише албай калган учур айтылды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















