super.kg logo

Чүйдө таштандыны туура эмес жерге төккөн ишкана айыпка жыгылды (видео)

 

Чүй облусунда таштандыларды белгиленбеген жерге төккөн ишканага айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Жаратылыш министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул мыйзам бузуу Кыргыз илим-изилдөө институтунун кайрылуусунун негизинде жүргүзүлгөн текшерүүдө аныкталды.

Министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору институтка коңшу жайгашкан коммерциялык уюмду текшеришти. Анын жүрүшүндө таштандылар белгиленбеген жерге төгүлгөнү тастыкталды.

Аталган факт боюнча укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, жооптуу тарапка 23 миң сом административдик айып салынды. Ошондой эле мыйзам бузууну жоюу боюнча милдеттендирме берилип, аны аткарууга үч күндүк мөөнөт белгиленди.






Чүйдө таштандыны туура эмес жерге төккөн уюм айыпка жыгылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: