super.kg logo

Сокулукта 35 миң көрүүчүгө ылайыкталган ири ат майданы куруулуда (видео)

 

Бишкек шаарында жаңы Улуттук ат спорту комплексинин курулушу башталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда мэриядан билдирди.

Маалым болгондой, долбоор Сокулук районундагы Белек айылына жакын жерде, жалпы 114 гектар аянтка курулат.

"Комплекс эки негизги аренаны камтыйт. Анын бири 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган ат майданы болсо, экинчиси көк бөрү мелдештерин өткөрүүгө арналган 25 миң орундуу арена болот. Жалпысынан комплекс 35 миң көрүүчүгө ылайыкталат. Мындан тышкары, аймакта аттарды машыктыруучу аянтчалар, жылкыларды багуу жайлары, ветеринардык борборлор жана көрүүчүлөр үчүн кошумча шарттар түзүлөт", - деп кошумчалады мекеме.

Долбоор улуттук ат спортун өнүктүрүүгө, кыргыз элинин салттуу оюндарын жайылтууга жана эл аралык мелдештерди өткөрүүгө багытталган.

Белгилей кетсек, буга чейин 2020-жылы "Аккула" ат майданынын куруу долбоору токтоп, анын жер тилкесине 26 миң батирлүү турак жай курулууда.






Бишкектин четинде ири ат майданы курулат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: