"Барселона" клубу Бакуга келет... Бирок башкы жылдызы келбей калды
Бүгүн, 23-ноябрда Испаниянын белгилүү футболдук клубу "Барселона" Азербайжандын борбору Баку шаарына келет. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдиришти.
Маалым болгондой, "Барселона" жергиликтүү "Сабах" клубу менен беттешет. Бирок беттеш клубдун чабуулчусу жана башкы жылдызы Ламин Ямалсыз өтөрү белгилүү болду.
Клубдун маалыматына караганда, футболчу оң бутунун томугунда жеңил ооруну сезип жатат. Ошондуктан медициналык штаб аны тобокелге салбоо максатында Бакуга алып барбоо чечимин кабыл алды.
Белгилей кетсек, оюн 25-ноябрда Баку шаарындагы "Олимпиада" стадионунда өтөт. Клубдун президенти Жоан Лапорта да футболчулар менен бирге келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:38
2026-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















