Милициянын атын жамынып, жарандан 300 миң сом опузалагандар кармалды (видео)
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери катары тааныштырып, жарандардан акча талап кылган адамдардын мыйзамсыз аракеттерине бөгөт койду. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда атайын кызмат билдирди.
Маалым болгондой, кылмыш ишинин алкагында 1986-жылы туулган М.Ш.Г., 1983-жылы туулган М.Р.К. жана 1982-жылы туулган М.Б.Р. аттуу Кыргызстандын үч жараны кармалды.
Тергөөнүн алдын ала маалыматы боюнча, белгисиз адамдар өздөрүн Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери катары тааныштырып, алдоо жана жаранды адаштыруу жолу менен Ж.у.А. аттуу жарандан 300 миң сом талап кылышкан.
Аталган факты боюнча УКМК тарабынан тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле УКМК жарандарды сак болууга, мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери катары өздөрүн тааныштырган адамдарга ишенип, акча бербөөгө чакырды.
Милициянын атын жамынып, жарандан 300 миң сом опузалагандар кармалды (видео)
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















