super.kg logo

Кыргызстан коңшу өлкөлөр менен "Азия кубогу-2032" мелдешин өткөрүшү мүмкүн

 

Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан футбол боюнча "Азия кубогу-2032" мелдешин биргелешип өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда футбол биримдиги билдирди.

Маалым болгондой, үч өлкөнүн футбол федерацияларынын жетекчилери Азия футбол конфедерациясынын (АФК) президенти Шейх Салман бин Ибрагим менен жолугушуп, турнирди уюштуруу маселелерин карашты.

"Тараптар мелдешти өткөрүү үчүн турнирдин концепциясын иштеп чыгуу, стадиондорду жана спорттук инфраструктураны эл аралык талаптарга ылайык өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Мелдешти Борбор Азияда өткөрүү - аймактагы футболдун өнүгүшүнө, өлкөлөрдүн эл аралык аренадагы аброюн жогорулатууга жана кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзөт", - деп кошумчалады мекеме.

Азырынча үч өлкөнүн биргелешкен арызы боюнча акыркы чечим кабыл алына элек.

Белгилей кетсек, быйылкы "Азия кубогу-2027" декабрь айынын аягында башталып, 2027-жылдын январь айына чейин өтмөкчү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: