Өзгөндө үйүндө баңгизат сактаган жаран шектүү катары кармалды
Өзгөн районунда үйүндө баңгизат сактаган деп шектелген 51 жаштагы Т.К. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүүнүн үйүнөн жалпы салмагы 1 килограмм 885 граммды түзгөн "марихуана" табылды. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) менен кылмыш иши козголуп, жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
"Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо максатында ыкчам-тергөө амалдары улантылууда",-деп кошумчаланды маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















