Лебединовкада саркынды сууну каналга агызган мончонун ээси жазаланды (видео)
Бишкек шаарына караштуу Лебединовка айылында жеке менчик мончодон чыккан саркынды суулар дренаждык каналга түз агызылып жатканы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Жаратылыш министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, текшерүү иштери тургундардан түшкөн маалыматтын негизинде министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн.
Анын жыйынтыгында мончонун ээсине карата Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлүп, ал жоопкерчиликке тартылды.
"Ошондой эле саркынды суулардын каналга агышын токтотуу жана аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча тиешелүү тапшырма берилди", — деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:37
2026-11-24
11:13
2026-11-24
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















