super.kg logo

Жолчуларга төрт мезгилге ылайыкталган формалар даярдалууда (видео)

 

Кыргызстан боюнча жол тейлөө мекемелеринин кызматкерлери үчүн бирдиктүү атайын форма даярдалууда. Учурда кышкы кийимдер тигилип, биринчи кезекте алыскы ашууларда жана суук аймактарда иштеген жолчуларга жеткирилүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкөдө жалпысынан 57 жол тейлөө мекемеси бар. Алардын кызматкерлери жыл бою аба ырайынын катаал шарттарына карабастан, автомобиль жолдорун тейлеп, жол кыймылынын үзгүлтүксүз болушун камсыз кылышат.

Жаңы формалар кызматкерлердин ыңгайлуулугу жана коопсуздугу эске алынып тигилүүдө. Атап айтканда, кийимдерге түнкүсүн жана көрүнүү начар шарттарда жарыкты кайтаруучу атайын чагылдыргыч элементтер орнотулган.

Жалпысынан жолчулар үчүн кышкы, жайкы жана жаз-күз мезгилдерине ылайыкталган үч түрдөгү форма даярдалат. Ар бир жол тейлөө мекемесинин 30 кызматкерин атайын кийим менен камсыз кылуу пландалууда.






Жолчуларга төрт мезгилге ылайыкталган формалар даярдалууда (видео)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: