super.kg logo

Бишкекте зордуктоого айыпталгандарга пробация берүү боюнча митинг өттү (видео)

 

Бүгүн, 24-ноябрда Бишкек шаарында зордуктоого айыпталгандарга пробация берүү маселеси боюнча митинг өтүүдө.

Анда катышуучулар жакындарынын камалышы мыйзамсыз болгонун айтып президент Садыр Жапаровго кайрылышты.Чогулгандар Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүгү (Зордуктоо) жана 157-беренеси (16 жашка чыга элек балага карата зордуктоо белгилери жок сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) боюнча пробациялык көзөмөл дайындоого уруксат берүүнү суранышууда.

"Менин жолдошумдун күнөөсү сот тарабынан мыйзамдуу түрдө далилдене элек. Ошондуктан бардык далилдерди, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн жана окуялардын чыныгы жагдайларын калыс текшерип берүүсүн өтүнөм. Мен 4 баланын энесимин. Балдарым атасынын тагдырына кабатыр болууда. Мага да эне катары кыйын. Бизди жеке кабыл алып, үнүбүздү угуп коюңузчу", - деп митингдин катышуучуларынын бири президентге кайрылды.

Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Айсаракан Абдибаева комитеттин жыйынында да карап чыгууну сунуштаган. Анын бул сунушу социалдык тармактарда кызуу талкуу жараткан.






Бишкекте зордуктоого айыпталгандарга пробация берүү боюнча митинг өттү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: