super.kg logo

Медициналык калдыктар кадимки таштандыда: Ошто жеке клиникалар, салондор текшерилди (видео)

 

Ош шаарында сулуулук салондоруна жана косметологиялык кызмат көрсөтүүчү жайларга рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-ноябрда жарандардын социалдык тармактар аркылуу кайрылууларынын негизинде Муниципалдык инспекция жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы биргеликте текшерүү жүргүзгөн.

Рейддин жүрүшүндө айрым сулуулук салондору медициналык калдыктарды белгиленген тартипте жок кылбастан, тиричилик таштандылары менен кошо ыргытып жүргөнү аныкталды.

Аталган фактылар боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 115-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык протоколдор түзүлүп, 23 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган.

Муниципалдык инспекция жеке жана юридикалык жактарды санитардык талаптарды так сактоого жана медициналык калдыктарды белгиленген тартипте жок кылууга чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: