Ошто курулуш инспекторлоруна көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды
Ошто курулуш объектилерин көзөмөлдөө күчөтүлөт. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директору Марат Акназаров Ош облусундагы шаардык жана аймактык башкармалыктардын кызматкерлери менен жыйын өткөрдү.
Анда курулуш тармагындагы мыйзам бузууларга өз убагында чара көрүү, коррупциянын алдын алуу жана кызматтык тартипти сактоо маселелери талкууланды.
Акназаров инспекторлорго курулуштун нөлдүк цикли аяктаганга чейинки чектөөлөрдүн, бекитилген долбоорлордун жана техникалык коопсуздук талаптарынын сакталышын тыкыр көзөмөлдөөнү тапшырды.
Ошондой эле инспекторлор текшерүү учурунда бодикамераларды үзгүлтүксүз колдонууга жана жүргүзүлгөн иш-аракеттерди белгиленген тартипте каттоого милдеттендирилди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















