MBANK’та кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу менен 16%дан башталган каржылоо лимити: кантип тариздөөгө болот жана кимдерге ылайыктуу?

MBANK кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу менен каржылоо лимитин сунуштайт. Банктан билдиргендей, кардар кыймылсыз мүлкүн бир жолу күрөөгө тариздеп, лимиттин колдонуу мөөнөтүнүн ичинде каражаттарды зарылчылыкка жараша транштар менен ала алат.
Лимит 10 жылга чейинки мөөнөткө белгиленет. Жылдык чен 16%дан башталат, ал эми кошумча нарк чынжырларын агрофинансылоо программасынын катышуучулары үчүн 10%дан башталат.
Лимиттин өлчөмү кыймылсыз мүлктү баалоонун жыйынтыгынын жана банктын чечиминин негизинде аныкталат.
Ар бир жаңы карыз үчүн кайра тариздөө талап кылынган кадимки күрөөлүү кредиттен айырмаланып, бул лимиттин алкагында күрөө бир жолу катталат. Ар бир траншты алууда кайра каттоонун кереги жок. Пайыздар пайдаланылган каражатка гана эсептелет.
Өнүм жеке муктаждыктары же бизнес максаттары үчүн каржылоого муктаж болушу мүмкүн болгон жеке жактарга, ишкерлерге жана юридикалык жактарга арналган.
Лимитти тариздөө үчүн кыймылсыз мүлккө тиешелүү документтер менен MBANK’тын бөлүмүнө кайрылуу керек.
Банк кыймылсыз мүлктү баалап, лимиттин өлчөмү боюнча чечим кабыл алат. Күрөө Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикте (Мамкаттоодо) катталат. Андан кийин кардар бекитилген лимиттин чегинде банктын бөлүмүнөн транштарды ала алат.
MBANK — биринчи санарип! Кыргызстандын өнүмү!
КРУБ №014 лицензиясы.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















