DemirBank мобилдик тиркемесинде жеке ишкер катары онлайн катталуу мүмкүнчүлүгүн ишке киргизди

DemirBank жаңы санариптик кызматты ишке киргизди. Эми банктын кардарлары жеке ишкер (ЖИ) катары катталууга арызды түз эле мобилдик тиркеме аркылуу бере алышат. Бул үчүн салык органына баруунун кажети жок: арыз берүүдөн тартып каттоонун жыйынтыгын алганга чейин бардык кадамдарды DemirBank тиркемеси аркылуу аткарууга болот.
Кызматтан пайдалануу үчүн кардар DemirBankта верификациядан өткөн, башкача айтканда, инсандыгы тастыкталган болушу, жарактуу инсандыгын тастыктоочу документи жана булуттук электрондук кол тамгасы болушу керек.
Катталуу үчүн кардар керектүү маалыматтарды киргизип, ишмердүүлүктүн түрүн жана салык режимин тандайт. Андан соң маалыматтарды текшерип, арызга булуттук электрондук кол тамгасы менен кол коёт. Кол коюлган арыз Мамлекеттик салык кызматына жөнөтүлөт.
Арыздын статусун жана каттоонун жыйынтыгын DemirBank мобилдик тиркемесинен көрүүгө болот. Каттоо ийгиликтүү аяктагандан кийин кардар бизнеси үчүн банктык эсеп ачуу процессине түз эле тиркемеден өтө алат.
Бул кызмат DemirBankтын ишин жаңы баштап жаткан же жеке бизнесин өнүктүрүүнү каалаган кардарлар үчүн санариптик чечимдерди өнүктүрүү багытындагы дагы бир кадам болуп саналат. Кызмат каттоо процессин жөнөкөйлөтүүгө, убакытты үнөмдөөгө жана мамлекеттик органдарга жеке баруу зарылдыгын азайтууга багытталган.
Кызмат DemirBank мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү.
КР УБ лицензиясы №035
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















