Кытай биринчи жолу чет элдик космонавтты орбиталык станциясына жөнөттү (видео)
Кытайдын космостук программасынын тарыхында биринчи жолу чет элдик космонавт "Тяньгун" орбиталык станциясына учту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-ноябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:18де "Шэньчжоу-24" башкарылуучу космостук кемеси үч адамдан турган экипажы менен орбитага ийгиликтүү чыкты. Кеме Кытайдын түндүгүндөгү Цзюцюань космодромунан CZ-2F ракетасынын жардамы менен учурулган.
Экипаждын курамында эки кытайлык космонавт - Тан Хунбо жана У И, ошондой эле Пакистандын өкүлү Мухаммад Зишан Али бар. Ал Кытайдын орбиталык станциясына барган алгачкы чет элдик космонавт болуп калды.
Кеме белгиленген орбитага ийгиликтүү чыгып, учуусун штаттык режимде уланткан.
Кытай биринчи жолу чет элдик космонавтты орбиталдык станциясына жөнөттү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:12
2026-11-24
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















