Орусияда Кыргызстандан барган 18,9 тонна колбаса артка кайтарылды
Орусиянын Оренбург облусунда Кыргызстандан мыйзамсыз ташылып бара жаткан 18,9 тонна колбаса продукциясы аныкталды. Бул тууралуу кечээ, 24-ноябрда облусттун ветеринардык көзөмөл кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда продукциянын документтеринде физикалык-химиялык, химиялык-токсикологиялык жана радиологиялык көрсөткүчтөр боюнча лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары жок экени аныкталган. Бул азык-түлүккө коюлган талаптардын бузулушу болуп саналат.
Жүк ташуучу тарап административдик жоопкерчиликке тартылып, 18,9 тонна колбаса жөнөтүлгөн жерине кайтарылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2026-11-25
10:28
2026-11-25
21:20
2026-11-24
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















