super.kg logo

Дарыгерлерди сөгүп... Бишкекте тез жардам унаасына тоскоолдук кылган айдоочу кармалды (видео)

 

Кечээ, 24-ноябрда Бишкек шаарында тез жардам унаасына жол бербей, медицина кызматкерлерине сөгүнгөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-ноябрь күнү болжол менен саат 22:30 чамасында тез жардам унаасынын айдоочусу менен жеңил унаанын айдоочусунун ортосунда чыр чыккан. Ага жеңил унаанын айдоочусу тез жардам унаасына жол бербей койгону себеп болгон. Андан соң ал медицина кызматкерлерине карата сөгүнүп, окуя болгон жерден кетип калган.

Бишкек шаарынын МККБнын кызматкерлери окуяга ыкчам чара көрүп, айдоочунун өздүгүн жана унаасын аныкташты. Айдоочу тиешелүү чараларды көрүү үчүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук милиция башкармалыгынын №5 шаардык милиция бөлүмүнө жеткирилди.








Бишкекте тез жардам унаасына жол бербей, медицина кызматкерлерине сөгүнгөн айдоочу кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: