Айдоочулук экзамендер үчүн дагы 63 унаа тапшырылды (видео)
Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу үчүн практикалык экзамендерди өткөрүүгө 63 жаңы транспорт каражаты тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда президенттин Иш башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, унааларды президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборго өткөрүп берди.
- C1E категориясы боюнча — 18 чиркегич (LKW Center);
- C категориясы боюнча — 17 ISUZU;
- C1 категориясы боюнча — 16 ISUZU;
- D категориясы боюнча — 12 JAC SUNRAY.
Бардык унаалар видеокөзөмөл системалары менен жабдылып, экзамен кабыл алган кызматкерлер бодикамералар менен камсыздалган. Бул чаралар экзамендердин ачык-айкын өтүшүнө жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга багытталган.
Белгилей кетсек, 6-ноябрда да мамлекеттик автомектептерге B категориясы боюнча практикалык сабактар үчүн 70 жаңы унаа берилген. Ошентип, ноябрь айында жалпысынан 133 транспорт каражаты тапшырылды.
"Мындан тышкары, Ош шаарында жаңы автодром пайдаланууга берилген. Бишкекте Мамлекеттик борбордун көп функционалдуу комплекси жана дагы эки заманбап автодром курулууда. Жаңы объектилерде айдоочулук экзамендерди кабыл алуу жана каттоо кызматтарын бир жерге топтоо пландалууда", — деп айтылат маалыматта.
Айдоочулук экзамендер үчүн дагы 63 унаа тапшырылды (видео)
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















