super.kg logo

Айдоочулук экзамендер үчүн дагы 63 унаа тапшырылды (видео)

 

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу үчүн практикалык экзамендерди өткөрүүгө 63 жаңы транспорт каражаты тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда президенттин Иш башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, унааларды президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборго өткөрүп берди.

Жаңы транспорт каражаттары өлкөнүн аймактарында айдоочулук күбөлүк алуу үчүн практикалык экзамендерди өткөрүүдө пайдаланылат.
Алардын ичинен:
  • C1E категориясы боюнча — 18 чиркегич (LKW Center);
  • C категориясы боюнча — 17 ISUZU;
  • C1 категориясы боюнча — 16 ISUZU;
  • D категориясы боюнча — 12 JAC SUNRAY.

Бардык унаалар видеокөзөмөл системдери менен жабдылып, экзамен кабыл алган кызматкерлер бодикамералар менен камсыздалган. Бул чаралар экзамендердин ачык-айкын өтүшүнө жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга багытталган.

Белгилей кетсек, 6-ноябрда да мамлекеттик автомектептерге B категориясы боюнча практикалык сабактар үчүн 70 жаңы унаа берилген. Ошентип, ноябрь айында жалпысынан 133 транспорт каражаты тапшырылды.

"Мындан тышкары, Ош шаарында жаңы автодром пайдаланууга берилген. Бишкекте Мамлекеттик борбордун көп функционалдуу комплекси жана дагы эки заманбап автодром курулууда. Жаңы объектилерде айдоочулук экзамендерди кабыл алуу жана каттоо кызматтарын бир жерге топтоо пландалууда",- деп айтылат маалыматта.






Айдоочулук экзамендер үчүн дагы 63 унаа тапшырылды (видео)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: