Бишкекте коомдук транспортто адепсиз аракеттерди жасоого шектелген чет өлкөлүк жаран кармалды
Бишкекте коомдук транспортто адепсиз аракеттерди жасоого шектелген чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Instagram социалдык тармагында чет өлкөлүк жаранга чара көрүү өтүнүчү камтылган кайрылуу жарыяланган. Аталган факты каттоого алынып, текшерүү иштери жүргүзүлгөн.
Милиция кызматкерлери шектүүнүн өздүгүн аныкташкан. Ал 2006-жылы туулган А.G. аттуу чет өлкөлүк жаран болуп чыккан.
Ага карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренеси (майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Текшерүүнүн материалдары тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн сотко жөнөтүлөт.
Ошондой эле чет өлкөлүк жаранды Кыргызстандын аймагынан чыгаруу маселеси мыйзам чегинде каралат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















