super.kg logo

Чыгыш-5 кичи районунда чыр чыгарган кыздарга чара көрүлдү

 

Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда жаңжалдашкан эки кыз майда бейбаштык боюнча жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда эки кыздын бири-бирин сөгүп, урушуп жаткан видеосу аныкталган.

Милиция кызматкерлери алардын өздүгүн такташкан. Алар Н.Н. жана И.А. аттуу жарандар болуп чыккан. Эки кыз тең териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгында аларга карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренеси (майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлгөн.

Милиция жарандарды коомдук жайларда тартипти сактоого, бири-бирин сыйлоого жана чыр-чатактарды күч колдонуу же сөгүнүү жолу менен чечүүдөн алыс болууга чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: