"Туристтердин маданияты эмес, шаардын көйгөйү". Эл өкүлү даараткана маселесин көтөрдү (видео)
Бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу Бишкектеги коомдук дааратканалардын жетишсиздигин айтып, шаар бийлигин бул маселени тез арада чечүүгө чакырды.
Депутат социалдык тармактарда чет өлкөлүк жарандын коомдук жайда заара кылганы тартылган видео тараганын белгиледи. Анын айтымында, мындай көрүнүштөр буга чейин да бир нече жолу кайталанган. Бул жөн гана туристтердин жеке маданиятына эмес, шаардагы коомдук дааратканалардын жетишсиздигине да байланыштуу маселе.
Ал 2025-жылы Бишкекте болгону 156 коомдук даараткана катталганын жана алардын көбү түнкүсүн иштебей турганын белгиледи.
"Бишкекте 2 миллионго жакын тургун жашайт. Анын үстүнө туристтердин агымы да жылдан-жылга көбөйүүдө. Мындай шартта коомдук дааратканалар жок кандай болуп жатат? Бишкек мэриясы тез арада ушул маселени жөнгө салышы керек",- деди депутат.
Ошондой эле ал буга чейин шаарда 26 коомдук даараткана курулары, 16 жер тилкеси дааратканалар үчүн бөлүнгөнү айтылганын эске салды. Бирок бул иштердин жүрүшү тууралуу маалымат жок экенин белгилеп, мэриядан расмий жооп берүүнү өтүндү.
Эскерте кетсек, буга чейин коомдук жайда заара кылган бир нече чет өлүктөрдүн видеосу тарап, алар кармалып, айрымдары өлкөдөн чыгарылганы маалым.
"Туристтердин маданияты эмес, шаардын көйгөйү". Эл өкүлү даараткана маселесин көтөрдү (видео)
0

Супер-Инфо
super.kg видео















