super.kg logo

Кыргызстандан Милан, Париж, Лондон жана Токиого каттамдар ачылышы мүмкүн

 

Кыргызстан Европа, Жакынкы Чыгыш жана Азия өлкөлөрүнө жаңы эл аралык аба каттамдарын ачуунун келечегин талкуулады. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда "Кыргызстан аэропорттору" ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Манас" аэропортунун жетекчиси Манасбек Самидинов, Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов менен жолугушту. Анда Милан, Франкфурт, Берлин, Париж, Будапешт, Прага, Лондон, Брюссель, Токио жана Сингапур шаарларына жаңы каттамдарды ачуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Документте маршруттук тармакты кеңейтүү, жаңы багыттарды ачуу жана Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык деңгээлде таанытуу боюнча биргелешкен иштер каралды.

Аталган меморандум эки тараптын авиация жана туризм тармактарындагы кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: