Камила Талиеванын мандаты: Парламент кызматкери жумуштан кетти (видео)
Бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева "Талиева мандатын тапшыруу үчүн арыз жазды" деген маалыматты четке какты. Ал бул маалыматты такталбаган сөз деп атап, аны тараткан кызматкерге чара көрүлгөнүн билдирди.
"Мен абдан таң калып жатам. Биз мыйзамдуу өлкөдө жашайбызбы же ушак мамлекетинде жашап калдыкпы? Такталбаган маалыматты таратканы үчүн сиз (ред.: Марлен Маматалиев) кызматкериңизге чара көрүп, кызматтан бошотупсуз. Рахмат. Иштеп жаткан кишини бейчеки бейпайга салбаш керек",- деди Талиева жыйында.
Эл өкүлү маалымат тараткан кызматкер парламенттин кайсы бөлүмүндө иштегенин айткан жок.
Белгилей кетсек, буга чейин жергиликтүү басылмалар депутаттын мандатын тапшыруу үчүн арыз жазганы боюнча маалыматтар тарап жатканын жазышкан.
Камила Талиеванын мандаты: Парламенттин кызматкери жумуштан кетти (видео)
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















