super.kg logo
  Саясат  

"Бийлик бут тосуп жаткандай..." Аскат Алагөзов "Түндүк" аркылуу талапкерди колдоого чакырды

 
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов жарандарды "Түндүк" тиркемеси аркылуу президенттикке талапкерлерди колдоого чакырды. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
"8-декабрга чейин ар бир жаран "Түндүк" тиркемеси аркылуу бир эмес, бир нече талапкерди колдоп, кол коё алат. Бул добуш берүү эмес, талапкерлердин шайлоого катышуусу үчүн мыйзамда каралган шарттардын бири", - деди ал.
Ошондой эле ал мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилерин кызматкерлерине кол топтоо тартиби тууралуу туура маалымат жеткирүүгө чакырды.
"Антпесек, 30 миң кол топтой албай жаткан талапкерлер саясатка айлантып, бийлик бут тосуп жаткандай айтышы мүмкүн. “Түндүктө” эч ким бут тосо албайт. Талапкерге добуш берген тизме талапкердин өзүнөн башка эч кимге көрүнбөйт", - деп кошумчалады Алагөзов.
Белгилей кетсек, президенттикке талапкерлигин көрсөткөндөрдүн "Түндүк" тиркемесиндеги акыркы сааттарга алынган кол топтоо көрсөткүчүн шилтемеден окуй аласыз.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: