14 жыл мурун турист болуп келген элчи Кыргызстандагы өзгөрүүлөрдү айтты (видео)
Кечээ, 25-ноябрда өлкө башчы Садыр Жапаров Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Висенте Солер Дьюкарды кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Кыргызстанга мурун турист болуп келгенин айтып, бул аралыкта Кыргызстан өнүккөнүн кошумчалады. Элчи өлкө башчысы менен кыргызча баарлашты.
"Мен 14 жыл мурун Кыргызстанга турист катары келгем. Азыр кайра келип, абдан чоң өзгөрүүлөр болгонун көрдүм. Экономикасы коңшулар менен мамилеси чыңдалып, Кыргызстандын дүйнөлүк аренада айтыла баштады. Анын ичинде БУУнун Коопсуздук Кеңешинде шайланышы, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ийгиликтүү өтүшү бул тарыхый жетишкендик",- деди элчи.
Өз кезегинде мамлекет башчы элчиге дипломатиялык миссиясында ийгилик каалады.
Улуу Британиянын элчиси Кыргызстанга 14 жыл мурун келгенин айтты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2026-11-25
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















