O!Store дүкөндөрүндө күздүн башкы арзандатуусу: 75% чейин жеңилдиктер

O!Store дүкөндөр тармагы күзгү масштабдуу арзандатууларды баштады. 2026-жылдын 25-ноябрынан 30-ноябрына чейин (кошо алганда) сатып алуучуларды смартфондордун бардык моделдерине атайын жеңилдиктер, популярдуу аксессуарларга пайдалуу сунуштар жана Бишкектин ири соода борборлорунда 75% чейинки эксклюзивдүү арзандатуулар күтөт.
O!Store сатып алуучуларга эмнелерди даярдады:
- HONOR, Infinix жана Vivo смартфондоруна 75% чейин арзандатуулар — 1 900 сомдон баштап. Атайын сунуш түзмөктөрдүн белгилүү бир моделдерине тиешелүү. Акция Бишкектеги O!Store тармагынын жети филиалында гана жүрөт: ЦУМ, ГУМ, «Азия Молл», «Бишкек Парк», «Беш Сары Сити», «Дордой Плаза» жана Vefa. Түзмөктөрдүн саны чектелүү, андыктан конкреттүү моделдердин бар-жогун аталган филиалдардагы консультанттардан түздөн-түз тактоого болот.
- Өлкө боюнча смартфондордун бардык моделдерине 10% арзандатуу. Жеңилдиктер Кыргызстандын бардык O!Store дүкөндөрүндө популярдуу флагмандарга жана жаңы моделдерге, анын ичинде iPhone, Samsung S-сериясындагы смартфондорго жана башка моделдерге жарайт. Мисалы, флагмандык iPhone 18 Pro Max смартфонун сатып алуудагы пайда 10 000 сомго чейин жетет.
- Өлкө боюнча аксессуарларга 20% арзандатуу. Сунуш Кыргызстандагы тармактын бардык филиалдарында жеткиликтүү жана баасы 1 000 сомго чейинки пайдалуу гаджеттерге тиешелүү:кулакчындар, пауэрбанктар, кубаттоочу адаптерлер, кабелдер жана күнүмдүк колдонууга керектүү башка аксессуарлар.
Смартфонуңузду ыңгайлуу баада жаңыртууга же жакындап келе жаткан майрамдарга карата пайдалуу белектерди тандоого үлгүрүңүз.
Акциянын шарттары, филиалдардын даректери жана түзмөктөрдүн бар-жогу тууралуу толук маалыматты O!Store дүкөндөрүнөн, ostore.kg сайтынан же 0705 007 000 телефону аркылуу тактоого болот.
1 000 сомдон жогорку сатып алууларга Бишкек шаары боюнча акысыз жеткирүү кызматын «Мой О!» тиркемеси аркылуу буйрутма кылсаңыз болот.
КР МТБМК караштуу МБА лицензиялары: «НУР Телеком» ЖЧКсы 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР. Бөлүп төлөөнү «О!Банк» ААКсы берет. КР УБ 17.09.2024-ж. №044 лицензиясы. Толук маалымат obank.kg сайтында.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















