super.kg logo

Умра сапарын уюштурган туристтик компанияларга эскертүү берилди

 

Кечээ, 25-ноябрда Ички иштер министрлигинин демилгеси менен 2026–2027-жылдардагы умра сезонуна аккредитациядан өткөн туристтик компаниялардын жетекчилери менен чукул жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынан билдиришти.

Жыйынга муфтияттын, Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин, ИИМдин өкүлдөрү жана туристтик компаниялардын жетекчилери катышты.

Анда умра сапарларын уюштурууда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, туристтик компаниялардын жоопкерчилигин жогорулатуу, зыяратчылардын укуктарын жана коопсуздугун коргоо маселелери талкууланды.

Ошондой эле жыйындын катышуучуларына Нур Умра Трэвел компаниясынын ишмердүүлүгүндө буга чейин орун алган мыйзам бузуулар тууралуу маалымат берилип, мындай жагдайларга жол бербөө эскертилди.

Жыйындын соңунда туристтик компаниялардын мамлекеттик органдар жана муфтият менен тыгыз кызматташуусу, зыяратчылардын кызыкчылыктарын коргоосу жана умра сапарларын коопсуз уюштуруусу зарыл экени белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: