Транспорттук көзөмөлдөн 10 айда бюджетке 385 миллион сом түштү
Үстүбүздөгү жылдын 10 айында транспорттук көзөмөлдүн жыйынтыгында республикалык бюджетке 384 миллион 895 миң сомдон ашык каражат өндүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, отчёттук мезгилде 740 миңге жакын унаа текшерилип, 12 миң 457 мыйзам бузуу аныкталган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 56,36 пайызга көп.
Өндүрүлгөн каражаттын 186,6 миллион сому айып пулдардан, 11,1 миллион сому салмак-габариттик көзөмөлдөн, 19,9 миллион сому жолго келтирилген зыянды төлөтүүдөн түшкөн. Калган бөлүгү уруксат кагаздарын берүүдөн алынган жыйымдарды түзөт.
Жалпы түшкөн каражат 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,2 пайызга өскөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2026-11-26
19:10
2026-11-26
18:19
2026-11-26
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















