Абакта алгач ирет Мухаммед пайгамбардын өмүрүнө арналган китеп окуу сынагы өттү
№10 жаза аткаруу мекемесинде жазасын өтөп жаткан жарандар арасында Мухаммед пайгамбардын (с.а.в.) өмүр жолуна арналган «Өрнөктүү өмүр» аталышындагы китеп окуу сынагы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанда алгач ирет уюштурулган мындай сынакка 250гө жакын соттолгон жаран катышкан. Иш-чарага Азирети муфтий Абдулазиз кары Закиров жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү катышты.
Муфтий өз сөзүндө адам баласы кетирген катасынан сабак алып, тобо кылып, туура жолго түшүүсү маанилүү экенин белгиледи.
Сынактын жеңүүчүлөрүнө төмөнкү сыйлыктар тапшырылды:
* 1-орун – диплом жана 50 миң сомдук муздаткыч;
* 2-орун – диплом жана 40 миң сомдук сыналгы;
* 3-орун – диплом жана 30 миң сомдук муздаткыч;
* 4-5-орундар – диплом жана кызыктыруучу сыйлыктар;
* 6-12-орундар – грамота жана акчалай сыйлыктар.
Мындан тышкары активдүү катышкан 10 жаранга атайын сертификаттар берилди.
Иш-чаранын алкагында муфтий абактагы жарандар үчүн уюштурулган кийим тигүү цехинин ишмердүүлүгү менен да таанышты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















