Трамп Орусия менен Украина жакын арада келишим түзүшү мүмкүн экенин айтты
АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайда өткөн Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык (АТЭС) саммитинин алкагында Орусиянын лидери Владимир Путин менен Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу маселесин кеңири талкуулаганын билдирди. Бул тууралуу ал Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
“Кытайда Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрүмдүн жүрүшүндө Орусия менен Украинанын ортосунда келишим түзүлүшү мүмкүн экенине жана анын тез арада ишке ашырылышына көп убакыт бөлдүм”, – деген Трамп.
Ошондой эле АКШ лидери сүйлөшүүлөр тууралуу НАТОнун баш катчысы Марк Рюттеге маалымат бергенин белгиледи.
Эске салсак, 18-19-ноябрда Кытайдын Шэньчжэнь шаарында өткөн АТЭС саммитинин алкагында Орусия, Кытай жана АКШ лидерлеринин тарыхта биринчи жолу үч тараптуу жолугушуусу өткөнү маалымдалган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















